Григорьевка капчыгайындагы көпүрө калыбына келтирилди
- 1 месяц мурун
- Видео
Бүгүн, 9-июлда, Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында селден улам жараксыз абалга келген көпүрө калыбына келтирилди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
Капчыгайдагы малчылар, жергиликтүү эл жана эс алуучулар үчүн маанилүү болуп эсептелген көпүрөнү куруу ишине Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, Садыр Аке айыл өкмөтүнөн жана “Чайна роуд” ишканасынын техникалар тартылган.
Маалым болгондой, 2-июлда Ысык-Көл районунда нөшөрлөп жааган жаандан улам Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу дарыясынын суусунун деңгээли көтөрүлүп, суунун нугундагы 5-көпүрө жараксыз абалга келген.
2-июлга караган түнү саат 3-4 чамасында Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында нөшөрлүү жаандан улам Чоң-Ак-Суу дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлгөн. Катуу аккан суудан улам суунун нугундагы көпүрө иштен чыккан.
Сүрөт: Көпүрө бузулган учуру. Видео тасмадан




