Ташиев Матраимовдон 200 млн доллардай акча алынарын айтты

  • 4 недели мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев “Азаттыктын” коррупцияга каршы күрөш тууралуу суроолоруна жооп берип жатып, камактагы мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдон 200 млн доллардай каражат алынарын билдирди. Ташиев жакында эле 16 млн доллар мүлкүн өз ыктыяры менен өткөрүп бергенин айтты.

“Мурдагы күнү Матраимовдун бир кеңсесин 16 млн долларга саттык. Азырынча ал өз ыктыяры менен өткөрүп берди. Азыр иштеп жатабыз, сот органдары жана өз ыктыяры менен биздин эсептегенибиз боюнча 200 млн доллардын тегерегинде алышыбыз керек. Ал бир нече кишиге кайра сатып жиберди же каттатты делген мүлктөрүн дагы алабыз. Мунун баары сот органдары аркылуу ишке ашырылат” деди Ташиев.

УКМК башчысы учурда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мүлктөрү боюнча дагы иш жүрүп жатканын кошумчалады. Буга чейин Ташиев соңку үч жылда коррупцияга каршы күрөштөн жалпы 100 миллиард сомдон ашык акча өндүрүлгөнүн билдирген.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов былтыр октябрда кримтөбөл Камчы Көлбаев Бишкекте атайын операцияда өлтүрүлгөндөн кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Январь айында УКМК ага издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген.

26-мартта Бишкекке алынып келген Райымбек жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор Бакудан кармалып, Бишкекке жеткирилген.

Матраимовго кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Булак: “Азаттык”

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты