Райымбек Матраимов 26-апрелге чейин камакка алынды (Видео)

Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимов бир айга, 26-апрелге чейин камакка алынды. Мындай чечим бүгүн, 27-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда чыгарылды.

Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу камак жайында болот.

2024-жылдын 25-мартында УКМК тиешелүү атайын кызматтар менен бирге Азербайжан аймагында КР мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кармап, Кыргыз Республикасына алып келген. Ошондой эле аны менен бирге Р.Матраимовдун бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимов да алынып келинген.

УКМК маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов жоюлган «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн. Тактап айтканда, Райым Матраимовго карата  169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери  боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

 Учурда кылмыш ишинин материалдарынын алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып жатканы айтылды.

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке жеткирилгени кечээ, 26-мартта ЖМКда кабарланды. Райымбек Матраимов менен кошо анын бир туугандары дагы кармалганы айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев , 23-ноябрда, мамлекетти коррупциядан, уюшкан кылмыштуу топтон тазалоо керектигин, Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер башкарбайт деп билдирген.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Сүрөттө: Райымбек Матраимов. 27-март, 2024. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты