Ташиев: «Мындан ары Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт» (видео)

  • 6 месяцев мурун

УКМКнын Чүй облусу боюнча Кемин райондук бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылышында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаев, Райымбек Матраимов тууралуу сөз кылды.

«Республика боюнча бардык уюшкан кылмыштуу топторго, коррупцияга, мыйзамдуулукту бузууга катышы бар мамлекеттик кызматкерлерди аныктап чыктык. Бүгүнкү күндө Райымбек Матраимовго байланыштуу болгон 92, Көлбаевге байланыштуу болгон 60 мамлекеттик кызматкерди аныктадык. Мындан тышкары, бажы органынан 50 кызматкерди аныкталды. Бул масштабдуу жумуштун бардыгы мамлекетибиздеги ар бир мамлекеттик органдарды тазалоонун негизинде болуп жатат. Мындан ары мамлекетте Көлбаев, Матраимов деген мафия болбойт. Райымбек Матраимов мамлекетте жүрө турган болсо кичинекей гана «Матиз» машинасын минип жүрүшү керек. Матраимовдун кланы, кылмыштуу түрдө топтогон байлыгы мамлекеттин өсүшүнө же ички саясий иштербизге тоскоол кылбашы шарт», — дейт Ташиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты