Матраимовдор Бакудан Бишкекке жеткирилгени кабарланды

  • 1 месяц мурун

Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Бакудан Бишкекке жеткирилгени кабарланды. Бул тууралуу маалымат каражаттары жазып чыкты.

Айрым маалыматтарга караганда, Райымбек Матраимов менен кошо анын бир туугандары дагы кармалды.

Азырынча күч органдары бул боюнча расмий маалымат бере элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев , 23-ноябрда, мамлекетти коррупциядан, уюшкан кылмыштуу топтон тазалоо керектигин, Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер башкарбайт деп билдирген.

26-январда УКМК Райымбек Матраимовго издөө жарыяланганы белгилүү болгон.

2021-жылы Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты