Ташиев: Чек ара маселесин тез арада чечүү керек деген жыйынтыкка токтолдук   

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-январда, “Кызыл-Бел-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктунда Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов жолугушту.

Жолугушуунун соңунда мындан эки ай мурун иши токтоп калган делимитация жана демаркация боюнча мамлекеттик комиссиянын ишин жандантуу чечими кабыл алынды.  

Андан соң Ташиев жергиликтүү тургундар менен болгон жолугушууда сүйлөшүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:

-Кыргыз-тажик чек арасында чыккан жаңжалды иликтөө комиссиясы түзүлдү. Эвакуацияланган элди үйлөрүнө кайтаруу маселеси каралды. Тез арада чек ара маселесин чечүү керек деген жыйынтыкка токтолдук. Мындан 2 ай мурун ишин токтоп калган мамлекеттик комиссия кайрадан ишин жандантат.  

Ворухка жол куруу маселеси №39 протокол боюнча каралат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

27-январда саат 19:30ка карата  жол кайрадан ачылган. Бирок саат 19:35те тажик тарап Баткен районунда Чыр-Дөбө жергесинде ок атуучу курал колдонулгандыктан, абал оорлоп кеткен. Ок атышуу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө тарапта болгон. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонгонун Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирген.

Жергиликтүү тургундардын турак жайлары, 707 аскер бөлүгүнүн имараты жабыркап, аскер кызматкерлерине жана ок тийип, денелеринен алган жараатынан улам Баткен биргелешкен ооруканасына жеткирилген. Буга чейин 11 аскер адамы жаракат алгандыгы. айтылган. Учурда жаракат алгандардын саны 13кө жеткенин саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты