Ташиев: Болот Темиров жеке гранттарды алып, бийликти алсыратуу боюнча тапшырма аткарган жалданма журналист

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировдун күч структуралары тарабынан кармалышы боюнча пресс-конференция берди. Ташиев журналисттик иликтөөдөгү айтылгандардын баары карандай калп, жалган жалаа экенин белгиледи.

«20 жыл саясатта жүргөн убагымда бир дагы журналистти сотко берген эмес экенмин. Туура эмес маалыматты жазышат, кээде ката кетиришет, маалыматтары так болбой калат. Ошондо деле «эмнеге туура эмес маалыматты туура эмес жаздың» деп журналист менен талашып-тартышып, сотко берген учурум болгон эмес. Ошондуктан бул каналдын иликтөөсү иликтөө эмес, ал жалган жалаа. Керектүү уюмдар, керектүү адамдар аны сотко берип, ар-намысын коргоп алат деген ойдомун. Мен өзүм аны сотко берип, артынан түшүп, куугунтуктайын деген деле оюм жок,- деди УКМК төрагасы

Камчыбек Ташиев иликтөөчү журналист Болот Темировду адам катары тааныбай турганын, анын кармалуусу иликтөөгө байланыштуу эмес экенин билдирди.  

“Болот  Темиров коомго белгилүү журналист же иликтөөчү эмес, жеке чет элдик гранттарды алып, гранттардын эсебинен бийликти алсыратуу же жаман көрсөтүү боюнча тапшырма аткарган жалданма журналист” деди УКМК төрагасы Ташиев.

Ал адамдардын кайсы компаниялардан канча акча алганы, компанияларды кантип алдап жүргөндүгү боюнча маалымат бар экенин билдирди.    

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишти. Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү Ошондой эле компьютерлерин алып кетишти.

Болот Темиров бул боюнча мындай деди:

-Эң негизгиси биз Камчыбек Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык. Алар иликтөөнүн качан чыгарына кызыгып келишкен. Буга чейин материалдын чыгышына ар тараптан тоскоолдук жасашты коркутушту, паролдорду бузууга, маалыматтарды алууга аракеттеништи. Кантсе да биз иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык.  

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Сүрөттө: Болот Темиров.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты