Болот Темиров: Эң негизгиси Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарууга жетиштик (Видео)

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темиров бүгүнкү окуялар боюнча комментарий берди.

-Эң негизгиси биз Камчыбек Ташиев тууралуу иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык. Алар иликтөөнүн качан чыгарына кызыгып келишкен. Буга чейин материалдын чыгышына ар тараптан тоскоолдук жасашты коркутушту, паролдорду бузууга, маалыматтарды алууга аракеттеништи. Кантсе да биз иликтөөнү чыгарууга жетишип калдык.  

Алар биздин компьютерлерибизди алып кетүү менен, иликтөөнү кантип жасаганыбызды биле алышат. Ал иштерди бизге кимдир-бирөөлөр даярдап бербегенин билишет.   

Азыркы абал мындай:  Тинтүү учурунда алар менин чөнтөгүмдөн кандайдыр бир зат табышты. Алар жулунуп кирип келишкенде мени полго жыгып, үстү жагыман экөө басып отуруп алышты.  Ушул учурда арткы чөнтөгүмө кол сала алышмак.  Айткандай, тинтүү учурунда арткы чөнтөгүмөн кандайдыр бир жашыл нерсе чыкты. Ал — меники эмес. Мен эч убакта андай нерсе менен алектенген эмесмин.-деди Болот Темиров.

 Бүгүн, 22-январда, ишемби күнү кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү. 

Болот Темировду террористти кармагандай Бишкек ИИБге алып кетишти. Алардын компьютерлерин да алып кетишти.

Temirov Live ютуб-каналында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин туугандары менен байланышы бар компания Кыргызстанда өндүрүлгөн мазутту чет жакка сатып, киреше таап жатканы тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты