Мугалими Түркиядан кармалган олимпиада катышуучулары Кыргызстанга кайтып келди  

  • 3 недели мурун

Кыргыз Республикасынын Анталья шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына ылайык, Анталья шаарында өткөн математика боюнча эл аралык олимпиаданын бардык катышуучулары, анын ичинде 26 окуучу, 3 ата-эне жана 2 мугалим Кыргызстанга кайтып келди.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Азамат Нурмат уулуна Стамбул шаарындагы башкы консулдук тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүү иштери улантылууда. Тактап айтканда, адвокат менен жолугушту.

24-апрелде Тышкы иштер министрлигинде Түркиянын Анталья шаарында өткөн эл аралык математика олимпиадасына окуучуларды коштоп барган Кыргыз Республикасынын жараны, “Маариф” фондунун (мурдагы “Сапат”) мугалими Азамат Нурмат уулунун (Азамат Нурматов) кармалганына байланыштуу Түркиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин консулу менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө аталган окуя боюнча расмий маалымат берүүнү өтүнүп, ошондой эле Вена конвенциясына ылайык, Нурмат уулу Азаматка ыкчам консулдук жардамды камсыздоо боюнча Тышкы иштер министрлигинин вербалдык нотасы тапшырылды.

Математика боюнча эл аралык олимпиаданын 2-туруна катышуу үчүн окуучуларды коштоп жүргөн кыргызстандык мугалим Нурматов Түркиянын аэропортунда кармалгандыгы тууралуу маалыматтар чыккан. Ал “Маариф” фондунун (мурдагы Сапат) Ысык-Көлдөгү Кусеин Карасаев балдар лицейинин математика мугалими экени айтылган.

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарындагы Кусеин Карасаев атындагы балдар лицейинин мугалими Азамат Нурматовдун (Азамат Нурмат уулу) Түркияда кармалгандыгы боюнча тараган маалыматтарга байланыштуу 24-апрелде билдирүү таратты.

«Билим берүү жана илим министрлиги Анталья шаарындагы эл аралык математика олимпиадасына мектеп окуучуларынын катышуусуна жана алардын өлкөдөн чыгуусуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирет. Бул сапардын бардык уюштуруу маселелери, анын ичинде тандоо, коштоп баруу жана логистика маселелери жеке «Zeen Education» билим берүү компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн» деп айтылат маалыматта.

«Zeen Education» компаниясынын директору Айнура Мамашариптин маалыматына ылайык, 2025-жылдын 20-апрелинде Кыргызстандан 36 окуучу, 4 ата-эне жана 3 мугалимден турган делегация олимпиаданын уюштуруучуларынын чакыруусу менен Анталья шаарына барышкан. (Барганардын алгачкы тобу мурдараак кайтып келген). Окуучулар ата-энелеринин макулдугу менен «Zeen» компаниясынын өкүлдөрүнүн коштоосунда сапарга чыгышкан. Олимпиадага баргандардын бир бөлүгү мурдараак кайтып келген.

Сүрөттө: Түркиядан кармалган мугалим Азамат Нурмат уулу. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты