Түркия өз аймагында Ирандын ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирди

  • 3 месяца мурун

Түркия өз аймагындагы Ирандан атылган баллистикалык ракета абадан коргонуу каражаттары менен атып түшүрүлгөнү билдирди.

Ракета менен атуунун калдыктары Түркиянын калк жыш отурукташкан Газиантеп аймагына түшкөн.  

“Түркия өз ара коңшулаштык мамилеге жана аймактагы стабилдүүлүккө чоң маани берет. Бирок биздин өлкө аймагына жана аба майданынан коркунуч келсе, биз чечкиндүү чараларды көрөбүз. Биз Түркиянын бул багытаттагы эскертүүсүнө ар бирибиздин кызыкчылыкта кулак салууга дагы бир жолу чакырабыз” деп билдирди Түркиянын Коргоо министрлиги.

Ирандан учурулуп, Түркиянын аба мейкиндигине кирген экинчи баллистикалык ракетаны НАТОнун абадан коргонуу системасы атып түшүрдү.

28-февралда Израилдин Куралдуу күчтөрү Иран аймагына сокку урду. Израилге АКШ да кошулду.

Иран жооп катары Израилге ракета соккусун урду, ошондой эле АКШнын Бахрейн, Кувейт, Катар жана Бириккен Араб Эмираттарындагы аскер базасына чабуул койду. Израилде өзгөчө абал жарыяланды. АКШ жана Израил соккусунан кийин Иран Израилге жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чабуул койду.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты