Түп районунда өспүрүм бала жанын кыйды

  • 2 месяца мурун

Ысык-Көл облусунун Түп районунун ички иштер бөлүмүнө (РИИБ) 26-февралда өспүрүм бала үйүнүн жанында мал сарайда асынып каза болгондугу тууралуу маалмат түшкөн.

Билдирүү боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Милициянын маалыматы боюнча, 2012-жылы туулган бала 26-февраль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында өзүнүн жашаган үйүнүн мал сарайында асынып каза болгон.

Асынып алган өспүрүмдүн денесинде мойнундагы жиптин изинен башка жаракат аныкталган эмес.

Окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.  

26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанарбек Акаев акыркы бир жума ичинде үрөй учурган жаңылыктар болгонун, жогорку класстагы балдардын өлүмү тууралуу Министрлер кабинетин чукул жыйын өткөрүүгө чакырып, чара көрүү керектигине токтолду.  

“Бир жуманын ичинде беш-алты баланын өлүмү катталды, Ысык-Көлдө, Ноокатта, Токмокто, 10-11-класстын балдары асынып өлүм жатпайбы азыр. Ушул боюнча иштеп, премьер-министр чукул жыйын өткөрүш керек эле. Эмнеге өткөрбөй жатасыңар? Министрлер кабинетинин төрагасы бардык министрлерди чогултуп, жыйын өткөрүшү керек. Бул – трагедия. Беш-алты бала өлдү, арасында өз жанын кыйганы, сабалып каза болгону бар. Мамлекет, ата-эне үчүн баладан кымбат, баладан баалуу эмне бар? Эч нерсе жок. Ошондуктан түшүндүрүү иштери боюнча ИИМ, билим берүү министрлиги, маданият министриги ыкчам иштерди алып барышы керек, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Балдардын коопсуздугу чоң коркунучта” деди  депутат Акаев.

Кийинки убактарда өспүрүм балдар арасында өз жанын кыюу фактылары көп катталып жатат.

24-февралда Ысык-Ата районундагы Будёновка айылында 17 жаштагы бала жанын кыйды. Каракол шаарында ээн калган имаратта 16 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылган. Токмок шаарында 2008-жылы туулган мектеп окуучусу өз өмүрүн кыйган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты