ӨКМ: Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалоодо   

Бүгүн, 8-сентябрда, Ысык-Көлдүн түбүн тазалоого 15 суучул тартылып, алар суу алдын ар кандай таштандылардан арылтуу иштерин жүргүзүүдө.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар (ӨКМ) министрлиги билдирди.

“Суучулдар Ысык-Көлдүн түбүнө түшүп, экологияга жана көлдүн тазалыгына терс таасирин тийгизе турган таштандыларды суудан чыгарышууда.  Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоодо ар бир жаран таштандыларды атайын белгиленген жайларга гана таштап, жаратылышка аяр мамиле кылуу менен көлдүн экологиялык абалын сактоого салым кошо алат” деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: ӨКМ  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты