Ысык-Көлдөн 2 200 метр синтетикалык эски тор чыгарылды

10-ноябрда Ысык-Көл облусунда рейддик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.  

Рейддин жүрүшүндө Ысык-Көлдөн узундугу 2 200 метр эски синтетикалык балык уулоочу торлор жана 30 килограмм таштанды чыгарылды.

Маалыматта айтылгандай, синтетикалык торлор суу жаныбарлары жана балыктар үчүн коркунуч жаратып, суу экосистемасына терс таасирин тийгизет.

Министрлик тарабынан Ысык-Көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, суу биоресурстарын коргоо жана көлдүн акваториясын таштандылардан тазалоо багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Иллюстрациялык сүрөт: Архив

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты