Ысык-Көл облусунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө көзөмөл күчөтүлдү
- 1 неделя мурун
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Ысык-Көл облусунда масштабдуу ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрдү. Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.
26-августта УКМКга уюшкан кылмыштуу топтордун (УКТ) активдүү мүчөлөрү катары ыкчам каттоодо турган бир катар адамдар жеткирилди.
Алар менен түшүндүрүү жана эскертүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалыктын жетекчилиги кылмыштуу чөйрөнүн өкүлдөрүнө мыйзамсыз иш-аракеттерди кайрадан жандандырууга, кылмыштуу чөйрө менен байланышпоого, “уурулар идеологиясы” деп аталган түшүнүктү жайылтууга жана үгүттөөгө жол берилбестигин эскертти.
Маалыматта жарандарга басым көрсөтүү, опузалап талап кылуу, шантаж кылуу же кылмыштуу салттарды кайра жандандыруу аракеттеринин баарына тез арада жана өтө катаал түрдө бөгөт коюлары айтылат. Мыйзам бузулган ар бир фактыга катуу укуктук баа берилип, күнөөлүү адамдар кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында жоопкерчиликтин эң жогорку чегине тартылат.
Уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) таасирин толугу менен жоюу, бизнести коргоо жана Кыргызстандын жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иштер улантылууда жана мекеме жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт. Ошондой эле 31-августта Шанхай кызматташтык Уюмунун саммити башталат.
Сүрөт: УКМК




