Президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 1 млрд 200 млн сом каралган
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Сметада 2 653 участкалык шайлоо комиссиясынын материалдык-техникалык камсыздалышына жана иштешине байланыштуу чыгымдар каралган. Анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган же убактылуу жүргөн жарандар үчүн 100 шайлоо участкасы, ошондой эле аралыктан добуш берүү (АДБ) үчүн 40 кошумча шайлоо участкасы камтылган.
Сметада участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө кеткен чыгымдар да каралган. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде алардын айлык сый акысынын өлчөмү 3,0–8,0 миң сомду түзөт.
Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн жалпы саны 26 819 адамды түзөт. Анын ичинде 5 066 автоматтык эсептөөчү түзүлүштөрдүн операторлору жана 5 066 идентификациялоо операторлору бар.
Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 674 адамды түзөт.
Мындан тышкары, 1 609 тартылган операторго, 600 техникалык колдоо тобунун адисине, ошондой эле шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө тартылган башка адистерге сый акы төлөө каралган.
Атап айтканда, шайлоо процессинин катышуучуларын окутууга, байланыш менен камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды даярдоого жана басып чыгарууга, зарыл болгон товарларды, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга, шайлоо жабдууларын аймактарга жеткирүүгө жана кайра кайтарууга, ошондой эле шайлоо документтерин, жабдууларды жана таркатылуучу материалдарды БШКдан АШК УШКларга ташууга кеткен чыгымдар каралган.
Мындан тышкары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү шайлоочулардын шайлоо укуктарын камсыз кылууга, эл аралык делегациялардын катышуусунда расмий иш-чараларды уюштурууга байланыштуу өкүлчүлүк чыгымдарына, чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторунун ишин уюштурууга, ошондой эле шайлоону талаптагыдай өткөрүү үчүн зарыл болгон башка иш-чараларга кеткен чыгымдар каралган.
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-сентябрда, чечим кабыл алды.
Сүрөт: БШК




