Султанбай Айжигитовдун кайрылуусуна БШК жооп берди
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу жасаган кайрылуусуна жооп берди.
БШК сотко чейинки териштирүүнү жүргүзүү мекеменин ыйгарым укугуна кирбей турганын билдирди. Аталган комиссия Султанбай Айжигитовдун социалдык тармак аркылуу депутаттык мандаты боюнча билдирүүсүн негизсиз экендигин, ошону менен катар мыйзамдарды бурмалоо менен коомчулукту адаштыруу жана чагымчыл аракеттерге барбоого чакырды.
8-апрелде Султанбай Айжигитов аны мандаттан ажыратуу тууралуу БШКнын чечимине байланыштуу сотко чейинки териштирүү жүргүзүү үчүн Боршайкомго арыз берген. Ага жооп болбогондуктан 14-апрелде дагы бир арыз калтырган. БШК ага ошол эле күнү жооп берип, Боршайкомдун аны мандаттан ажыраткан чечимине каршы сотко кайрылса болорун билдирген. Султанбай Айжигитов сотко берерден мурун Административдик процессуалдык кодекс боюнча сотко чейинки териштирүү болушу керектигин айтып жатат.
Эске салсак, 1-апрелде Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алган. Эми бул маселени сот териштирет.
28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынган. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Султанбай Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучу балага кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган деп, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген. Депутат Султанбай Айжигитов соттолбогонун, эч нерсени жашырбаганын айткан.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирген.
Ошол жыйындан кийин «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.