Султанбай Айжигитов Жогорку Кеңешке киргизилген жок
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 2-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынына Султанбай Айжигитов киргизилген жок. Парламенттин басма сөз кызматы анын себебин түшүндүрдү.
“Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын 2025-жылдын 28-мартындагы жыйынында партиялык тизме менен “Ыйман Нуру” саясий партиясынан шайланган депутат Султанбай Айжигитовдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. Бул боюнча БШКнын тиешелүү токтому Жогорку Кеңешке келип түшүп, ыйгарым укуктары токтотулгандыгына байланыштуу Султанбай Айжигитовдун депутат катары парламент имаратына кирип-чыгуу мүмкүнчүлүгү тиешелүү эрежеге ылайык чектелген. Анткени, Жогорку Кеңештин имаратына депутаттар жана аппараттын кызматкерлери атайын белгиленген эшиктерден өтүп, электрондук түрдөгү каттоосу боюнча гана кире алышат.
Ал эми жарандарга атайын берилген уруксат кагазы менен парламент имаратына кирүү мүмкүнчүлүгү түзүлгөн” деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле парламенттин басма сөз кызматы Султанбай Айжигитов кирүүгө аракет кылганын белгиледи:
“Султанбай Айжигитов болсо депутаттар жана кызматкерлер кирген эшиктен кирүүгө аракет кылга. Ыйгарым укуктары токтотулгандыгы тууралуу токтомду көрсөткөндөрүнө карабай, коопсуздукту караган кызматкерлерди тасмага тартуу менен алардын ишине тоскоолдук жараткан” деди.
Кечээ, 1-апрелде, Бишкек шаарынын административдик соту Султанбай Айжигитовду мандатынан ажыратуу боюнча БШКнын чечимине каршы доо арызын кабыл алды. Эми бул маселени сот териштирет.
28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун мандаты тууралуу маселе каралып, аны депутаттык мандаттан ажыратуу чечими кабыл алынды. БШКнын 11 мүчөсү макул болуп, бир мүчөсү — Нурлан Койчукеев каршы чыкты.
Борбордук шайлоо комиссиясына Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Султанбай Айжигитов шайлоо тууралуу мыйзамды бузгандыгы боюнча кайрылган. 2018-жылы 13-апрелде Султанбай Айжигитов Сокулук районунда окуучу балага кол көтөргөндүгү, бейбашчылык боюнча иши сотко өткөндүгү айтылат. 2020-жылы 14-февралда сотто айыпталып, бирок мөөнөтү өткөндүгүнө байланыштуу жазадан бошотулган деп, ушул фактыны Султанбай Айжигитов депутаттыкка талапкер болгондо жашырып койгон деп билдирген.
Депутат Султанбай Айжигитов соттолбогонун, эч нерсени жашырбаганын билдирди.
-Соттуулук жок. Жөн гана башкы прокуратура менен УКМК манипуляция кылып, коомчулукту жана БШКны адаштырып жатат. Муну кылмыш десе болот… Мен муну башкы прокуратура менен УКМКнын БШКга басымы деп эсептейм,- деди Султанбай Айжигитов.
5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Султанбай Айжигитов “Баткен районундагы Достук айылы Тажикстанга өтүп кетсе, Ворух анклавына коридор болорун айткан. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишим боюнча көз карашын айтып, чек ара келишими боюнча Достук айылын Кыргызстанга калтырыш керектигин билдирди.
Ошол жыйындан кийин «Ыйман нуру» фракциясы депутат Султанбай Айжигитовду фракциянын курамынан чыгарган.
Сүрөттө: Султанбай Айжигитов. kenesh.kg