Садыр Жапаров Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвилини кабыл алды

Садыр Жапаров бүгүн, 4-ноябрда, өлкөгө расмий сапар менен келген Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили менен жолугушту.

Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.

Маалыматта Садыр Жапаров бул сапар Кыргызстан менен Грузиянын ортосундагы саясий диалогдун ырааттуу өнүгүп жатканын айгинелей турганын айтканы белгиленди. Президент парламенттер аралык кызматташтык кыргыз-грузин мамилелеринде өзгөчө орунду ээлей турганын, ошону менен бирге Садыр Жапаров транспорттук-логистикалык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүүнү келечектүү багыттар катары белгиледи.

Шалва Папуашвили эки тараптуу деңгээлде да, эл аралык парламенттик аянтчалардын алкагында да парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты