Садыр Жапаров: Добуш уурдалса айтып чыгышсын, мен токтоосуз отставкага кетип калам

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Арыба kg” сайтына берген интервьюсунда парламенттик шайлоодо добуштар уурдалды деп айтуу абсурд экенин билдирди.

“Эгер бийлик тараптан басым болсо, БШКнын башчылары, адистери же участкалык шайлоо комиссиясынын 31 миң мүчөсү “бийлик ушинтип басым жасады, анан биз ушинтип добуш уурдадык” деп айтып чыгышсын, мен анда токтоосуз отставкага кетип калам” деп билдирди Садыр Жапаров

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты