Парламент саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берди

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берүү маселеси каралды жана аны дайындоого макулдук берилди

Талапкер тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов маалымат берди.

Саламаттык сактоо министринин кызмат ордуна Гүлнара Баатырованы дайындоого макулдук берүү тууралуу токтом долбоору кабыл алынды.

Эки жума мурун Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандыгы тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койгон.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, ага карата козголгон иш ИИМге өткөрүлгөн.

Маалыматтарда Гүлнара Баатырова 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктагандыгы, 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада терапевт, бөлүм башчы, жетекчи болгону көрсөтүлгөн. 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болгон.

2004-2011-жылдары Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрайымы болуп турган. Соңку жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) да болгон. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Сүрөттө: Гүлнара Баатырова. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты