Башкы прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалганын билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке тапшырмасы боюнча 2021-жылдын апрель, июнь, июль жана сентябрь айларында чет өлкөлүк менчик компанияларынан 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сомдук 2 млн. 460 миң доза вакцина негизсиз сатылып алынган.

Аталган акча каражаттар оффшордук аймакка которулгандыгы белгилүү болгон. Натыйжада мамлекетке 1 млрд. 581 млн. 474 миң 315 сом, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары саламаттыкты сактоо министри жана башка кызмат адамдарынын үстүнөн 5 коррупциялык кылмыш иштери тергелүүдө.

Бүгүн саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кармалганы кабарланган.

Башкы прокуратура: Алымкадыр Бейшеналиев коррупцияга шектелип кармалды
Башкы прокуратура тараткан сүрөт.
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты