Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, ага карата козголгон иш ИИМге өткөрүлгөн.

16-августта Бейшеналиевге вакцинага байланыштуу козголгон кылмыш иши токтотулганын анын адвокаты Кайсын Абакиров билдирген. Ал Ички иштер министрлиги кылмыштын курамы жок болгондуктан ушундай чечим чыгарганын белгилеген.

Ушундан кийин Бейшеналиев «Азаттыкка» берген маегинде өз кызматына кайтып барууга даяр экенин, президенттин чечимин күтүп жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты