Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 года мурун

Гүлнара Баатырова саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат  ордуна дайындоо үчүн Гүлнара Баатырованын талапкерлиги  Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулган.

Башкы прокуратура Бейшеналиевди 2-июнда коронавируска каршы вакцина сатып алуудагы коррупцияга байланыштуу кармап, ага карата 7 кылмыш ишин козгогон. Андан соң министр ээлеген кызмат ордунан убактылуу четтетилген.

16-июнда Бишкек шаардык соту Бейшеналиевди үй камагына чыгарып, ага карата козголгон иш ИИМге өткөрүлгөн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты