Сотто Рита Карасартованын баш коргоо чарасы каралмакчы

  • 1 неделя мурун

Укук коргоочу Рита Карасартованын баш коргоо чарасы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда бүгүн, 16-апрелде, каралат. Бул тууралуу анын кызы Касиет Мамырбай Фейсбук баракчасында билдирди.

Укук коргоочу Рита Карасартова Свердлов райондук сотунун чечими менен 48 саатка камалган. Ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту менен иш козголгон, бирок айып коюлган эмес.

Буга чейин Карасартованы Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

Укук коргоочунун айтымында, үйүн тинтүүгө ага жарыялооого жолдонгон активист Тилекмат Куреновдун каты себеп болушу мүмкүн. Бирок Куренов катты СМС менен эле жибергенин, үйүндө катылуу эч нерсе жоктугун билдирди. Ал Фейсбук баракчасында Тилекмат Куренов жарыялоого жиберди деген кат жарыяланган. Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Катта БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.

14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.

Сүрөттө: Рита Карасартова. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты