Сотто акын Аскат Жетиген абакта кыйноого кабылганын айтты

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 23-майда, Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда акын, ырчы, активист Аскат Жетигендин соту улантылды.

Сотто Аскат Жетиген кармалгандан кийин 20-марттагы соттун чечиминен кийин укук коргоо органдары УКМКнын шаардык бөлүмүндө, мекеменин жертөлөсүндө бир саатка жакын ток менен кыйнашкан, башыма баштык кийгизип, сабашканын билдирген. абакта кыйноого алынганын билдирди.  

Бул боюнча акыйкатчыга жана кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылганын айтканын «Азаттык» билдирди.

“Ток менен бир саат бою кыйнашкан. Башыма баштык кийгизип сабашкан. Бул боюнча кат жибердим, азыркы учурда Аскер прокуратурасы ишти изилдеп жатат” деди Аскат Жетиген.

Аскат Жетиген өзүнө коюлган “Массалык башаламандыктар”, “бийликти басып алууга чакырык жасоо” айып беренелери менен макул эместигин билдирди.  

Кийинки отурум 28-майда өтмөкчү.

20-мартта ырчы, акын, активист Аскат Жетиген Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан кайра кармалды жана соттун чечими менен эки айга, 19-майга чейин камакка алынган.

Адвокаты Венера Буудайбекова ырчыга 2024-жылдын 15-мартында Фейсбуктагы баракчасында жасаган кайрылуусу боюнча кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгонун айтты.

Аскат Жетиген УКМК тарабынан 16-мартта да кармалган жана 48 саатка камалган18-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Аскат Жетигенди эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан чыгаруу чечимин кабыл алган.

Адвокат Венера Буудайбекованын айтымында, УКМК ырчынын видео билдирүүлөрүнөн улам “бийликти басып алууга чакырык жасалган” деп шек санап, 2022-жылы кылмыш ишин козгогон. Аскат Жетиген ага байланыштуу бир нече жолу сурак берип чыккан. Тергөөчү ырчы сөздөрүнө байланыштуу кармалганын айткан.

Сүрөт: Аскат Жетиген 20-март 2024-жыл. Биринчи май райондук сотто. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты