Сот жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасын карап жатат

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 29-ноябрдын кечинде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жактоочу Самат Матцаковдун баш коргоо чарасы каралып жатат.

Жактоочуга «Алдамчылык» беренеси менен айып тагылууда.

Учурда аталган райондук сотто Матцаковдун көптөгөн кесиптештери аны колдоо үчүн келишкенин жергиликтүү басылмалар жазууда.

29-ноябрдын күндүзү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери анын үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.

Күч органдары аны кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген. Матцаков учурда абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан.

Ошондой эле ал — жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты