Сот Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин камактагы мөөнөтүн узартты   

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин баш коргоо чарасы каралды. Сот Дүйшөнбиевди 3-июнга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Адвокат Тимур Султанов Таалай Дүйшөнбиевди мындан ары камакта кармоонун зарылчылыгы жок экенин айтып, анын баш коргоо чарасын өзгөртүү сунушун киргизди.

Сот Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсүнүн Дүйшөнбиевди 3-июнга чейин камакта калтыруу сунушун колдоду.    

24-мартта Бишкек шаардык соту Next TV каналынын директору Таалай Дүйшөнбиевдин ишин карап, аны камакта калтыруу чечимин чыгарган.  Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту Дүйшөнбиевди 3-майга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо тууралуу чечим кабыл алган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев 48 саатка камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Медиа Полиси Институту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөө абагына камоо чечими КР Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат деп билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өз билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.   

Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди куугунтуктоо уланып жаткандыгы боюнча билдирүү таратты. Анда 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиедин камалышы, ага чейин Temirov Life, Kaktus Media медиаларынын кысымга кабылганы айтылып, кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырышты.

5-мартта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Next TV каналын колдоо митинги өттү.

Каналдын учредители Равшан Жээнбеков бул басымдын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тарабынан болуп жатканын белгиледи.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карады. Судья Айнура Сатарова Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Сүрөт: Сциалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты