Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынууда

  • 2 года мурун

Саясатчы Равшан Жээнбековун уулу Азат Равшанга Кыргызстандан чыгууга тыюу салынууда.

Бул тууралуу Равшан Жээнбеков Фейсбук баракчасында билдирди.

-Азаттын телеканалга эч кандай тиешеси жок. Ал АКШда жашайт жана иштейт. Мен түрмөдө камалып жатканда келген. Эми болсо, аны жумушуна кетүүгө чыгарбай жатышат, -деп жазды Жээнбеков.     

Буга чейин Азат Равшандын Next телеканалынын иши боюнча УКМКга суракка чакырылганы маалым.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиевди камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карады. Судья Айнура Сатарова Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун «ПолитКлиника» медиасына Next телеканалынын жабылышы, өзүнө жана жакындарына козголгон иштер жана саясий-экономикалык маселелер интервьюсу бул шилтемеде.

Cүрөттө: Азат Равшан. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты