Таалай Дүйшөнбиевдин соттук иши 2-сентябрда улантылат

Бүгүн, 23-августта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Next телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөнбиевдин сот  иши кайрадан каралды.  

Бүгүнкү отурумда эки экспертизанын корутундусу угулду. Жактоочулар бул экспертизалар жараксыз деп табылышын, көз карандысыз экспертизанын корутундусу каралышын талап кылышууда.

Соттук кароонун жүрүшүндө белгилүү болгондой, Таалай Дүйшөнбиевдин соттук иши 2-сентябрда улантылмай болду.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшөнбиев 48 саатка камакка алынган.

Атайын кызмат буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон деп эсептейт. Экспертиза бул маалыматта «кастыкты козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Медиа Полиси Институту Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын (УКМК) тергөө абагына камоо чечими КР Конституциясын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу болуп саналат деп билдирди.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өз билдирүүсүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин жана сот органдарын Кыргыз Республикасынын Конституциясы тарабынан кепилдик берилген сөз эркиндигин урматтоого чакырды.   

Кыргызстандын медиа тармагынын жана жарандык коомчулугу жалпыга маалымдоо каражаттарын жана журналисттерди куугунтуктоо уланып жаткандыгы боюнча билдирүү тараткан. Анда 3-мартта Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшенбиедин камалышы, ага чейин Temirov Life, Kaktus Media медиаларынын кысымга кабылганы айтылып, кесиптик милдетин так аткарып жаткан ЖМКларга жана журналисттерге кылмыш ишин козгоонун ыплас көрүнүштөрүн токтотууга чакырышты.

5-мартта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун имаратынын алдында Next TV каналын колдоо митинги өттү.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 29-мартта Next TV телеканалынын ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Башкы прокуратуранын арызын карап, Башкы прокуратуранын арызын жарым-жартылай канааттандырып, телеканал жарыялаган маалыматты экстремисттик деп тапты. Ал эми телеканалдын ишин токтотуу жана анын продукциясын башка булактарга жарыялоого тыюу салуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырган жок.

Бүгүнкү, 23-августтагы, соттун жүрүшүнөн «ПолитКлиника» медиасы Фейсбук баракчасында түз эфир алып көрсөттү.

Сүрөт: «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты