Ош шаарындагы акча алмаштыруучу жайда өзгөчө оор кылмышка шектүү кармалды

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) нөөмөт бөлүмүнө 24-майда саат 18.15де Амир Тимур көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайга кирип, ээсин бычак менен сайгандыгын кабарлаган.

Окуя болгон жерге Ош ШИИБ жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери ыкчам барышкан. Аталган даректе акча алмаштыруучу жайдын ээси, аны иштеткен 1992-жылы туулган М.Х. денесинен жаракат алып, шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.

Ош милициясынын кызматкерлери кылмышка шектүүнү кармоо учурунда ал өзүнө кол салып, жанын кыюуга аракет жасаган. Ыкчам кызматкерлер ага мүмкүнчүлүк бербей, кармап калууга үлгүрүп, бычакты алышкан.

Шектүү — Ош облусунун Өзгөн районунда 1988-жылы туулган Т.Н. аттуу жараны. Аны тинтүү учурунда жанынан 37 500 сом, эки “Самсунг” чөнтөк телефондору жана 100 граммдык “Беленькая” спирттик ичимдигинин бош бөтөлкөсү алынган.

Окуя болгон жердеги видео тасманы караганда шектүү Т.Н. окуя болгон жерге кара кепка, медициналык көк түстөгү бет кап кийип, жабыр тарткан М.Х. олтурган жерине кирип барып, отурган жеринен туш келди сайган. Андан соң акча алмаштыруучу жайдын кийинки бөлмөсүнө кирип, акча алып чыккандыгы тасмага тартылган.

Ош шаардык ооруканасынын берген маалым каты боюнча, М.Х. Ош шаардык ооруканасынын хирургия бөлүмүндө операция жасалып жаткан учурда алган жаракатынан улам каза болгон.

Шектүү Т.Н. жабырлануучу М.Х.ны бычактап жатканда, ошол көчөдө эт саткан Ош шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган А.К. ажыратканы барганда, анын колуна жаракат келтирген.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Жабыр тарткан М.Х. Ош облусунун Кара-Суу районунунда 1992-жылы туулган, Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну, үч баланын атасы.

Аталган даректеги акча алмаштыруучу жайда 2026-жылдын февраль айынан тартып иштетип келген.

Кылмышка шектүү Т.Н. Ош облусунун Өзгөн районунда туулган, мурда соттолгон, ажырашкан. Төрт баланын атасы, Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунун тургуну, эч жерде иштебейт.

Аталган окуя боюнча кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, адам өлтүрүү боюнча кылмыш иш козголду.

Сүрөттө: Шектүү. Ош ШИИБ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты