Султанбеков, Карамушкина 13-февралга чейин камакта калтырылды
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Сот отуруму жабык өттү. Сот залынын эшигинин алдында «Социал-демократтар» партиясынын айрым мүчөлөрү жана соттолуучулардын жакындары турат.
Тергөө абагында жаткан Темирлан Султанбеков 56 күндөн бери ачкачылык кармоодо.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.
2024-жылы 2-декабрда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.