“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Жанна Самышева кармалганы айтылды
- 2 месяца мурун
“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Жанна Самышева бүгүн, 12-январда кармалганын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасында билдирди.
“Мага биздин партиялашыбыз Жанна Самышеванын туугандары кайрылды. Аны Фрунзе жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Тамара” кафесинин жанынан ИИМдин 10-кызматы тарабынан кармалганын билдирди. Эмнеге талапкерге карата жекшемби күнү жана адвокатынын келишин күтпөстөн, мындай аракеттер жасалганын түшүнбөйм” деди Кадырбек Атамбаев.
Кийинчерээк Жанна Самышеваны Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкы башкармалыгынын имаратына алып кетишкени жана ага адвокатты киргизбей жатканы кабарланды.
Жанна Самышева «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү жана шаардык кеңешке шайлоодо депутаттыкка талапкер болгон. Анын эмне себептен кармалганы белгисиз болуп жатканы айтылды.
9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Сүрөт: Социалдык тармактан