«Социал-демократтар» партиясынын дагы бир мүчөсү кармалганы кабарланды

  • 4 недели мурун

“Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Анарбек Катаганов кармалганын Фейсбук баракчасында партия мүчөсү Кадырбек Атамбаев билдирди.

ИИМ кызматкерлери Анарбек Катагановду кармап кеткенин, анын кайда экенин адвокаттар да, туугандары да билбей жатышканын Кадырбек Атамбаев белгиледи.

“Учурда анын адвокаттарынын да, туугандарынын да анын кайда экендиги тууралуу маалыматы жок, бул укуктук жана моралдык нормаларды бузуу болуп саналат” деди ал.   

Анарбек Катаганов “Социал-демократтар” партиясынын катарына жаңы эле өткөнү жана шаардык кеңештерге шайлоодо талапкер болгондугу айтылды.  

Кечээ, 12-январда, “Социал-демократтар” партиясынын мүчөсү Жанна Самышева кармалганын партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасына жазган.

9-январда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкина жана партиянын тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы каралды. Райондук сот аларды 13-февралга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

Сүрөттө: Анарбек Катаганов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты