Шаршенбек Абдыкеримовдун президентке кайрылуусунан кийин “Томми мол” боюнча териштирүү башталды
- 3 недели мурун
Экс-депутат, «Аю» холдинг компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримовдун президентке “Томми мол” соода борбору боюнча кайрылуусунан кийин президенттик администрация бул ишти териштире баштады. Президенттин басма сөз катчысы “Аскат Алагөзов бул тууралуу “Азаттыкка” билдирди.
“Ишкер Шаршенбек Абдыкеримовдун Facebook социалдык тармагындагы ачык кайрылуусу тууралуу Президенттик администрация кабардар. Азыркы учурда кайрылууда айтылган жагдайлар боюнча мыйзамда белгиленген тартипте тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө” деп айтылат “Азаттыкка” жазуу жүзүндө берген жообунда.
Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми мол” соода борборуна байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылган. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө мурда өзүнө таандык болгон “Аю Гранд Комфорт” объектин мамлекетке өткөрүү чечимин адилеттүү деп баалап, бул кадамды кетирген каталары үчүн жоопкерчилик катары кабыл алганын айтты.
Ошол эле учурда ишкер кызынын атына катталган “Томми мол” соода борборунун тагдырына тынчсыздануусун билдирип, объект төмөн баада бааланып, айрым адамдарга өтүп кеткенин белгиледи. Абдыкеримов президенттен бул маселе боюнча калыс жана ачык иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.
Шаршенбек Абдыкеримов (Шаки) кыргызстандыктарга Лондондон кат жолдоп, анда үч жыл аралыгында адамдардын чыныгы жүзүн, алдамчылыкты, ач көздүктү көргөнүн, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жатканда аны сатып кеткендерди, мүлкүн талап алгандарды көргөнүн жана жалгыз калганын жазды. Кат Фейсбук социалдык тармагында Айка Жайнак аттуу аккаунтта 22-мартта жарыя болду.
«Аю» холдингдин негиздөөчүсү 2024-жылдын 8-сентябрында сыртынан камакка алынган.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин экс-президенти Абдыкеримовго кылмыш-жаза кодексинин төрт беренесинин негизинде айып тагылган. Шаршенбек Абдыкеримов Дубайдын ооруканаларынын биринде реанимацияда жатканы маалым болгон.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатканын билдирген.
Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.
УКМК “Аю” компаниясына таандык 4,1 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Сүрөттө: Шаршенбек Абдыкеримов. Интернет булактарынан




