Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды

  • 11 месяцев мурун

«Аю» холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 8-сентябрда кабыл алынды. Абдыкеримовду сыртынан Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына киргизүү өкүмү чыкты.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде «Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатканын билдирди.

Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты