«Аю» холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов реанимацияга жаткырылды

  • 1 год мурун

«Аю» холдингдин негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов реанимацияда жатат.

Бул тууралуу Kaktus.media жеке булактарына шилтеме берүү менен билдирди.  

Андагы маалыматта айтылгандай, Шаршенбек Абдыкеримов Дубайдын ооруканаларынын биринде жатат.  Абалы өтө оор эмес. Анын бооруна экинчи жолу операция жасалары маалымдалды.

«Аю» компаниясынын спирт заводу менен арак заводу конфискацияланып, мамлекетке өтүп жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Жапаров «Аю» компаниясы «миллиондогон салыктарды төкпөй, 12 миң даана жасалма акциз жана мыйзамсыз чыгарылган 275 тонна спирт менен кармалганын» маалымдаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты