УКМК «Аю» компаниясына таандык 4,1 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди
- 1 год мурун
“Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында “Кыргыз камволдук-нооту комбинаты” ААКсынын, азыркы “Битекс компани” ААКнын мүлкүн күрөөлүктөн жеке колго мыйзамсыз өткөрүү фактылары аныкталды. «1997-жылы “ККНК” ААК Япония өкмөтүнөн жана “KFW Германия” банкынан эки техникалык кредит (жабдуу) алган. Буга байланыштуу Финансы министрлиги кредитор катары “ККНК” ААКсы менен 916 миң 137 немец маркасы жана 5 миллион 246 миң 600 АКШ доллары өлчөмүндө карыздык милдеттенме түзүшкөн. 2014-жылы “А.Ш.Шнын” (“Аю” холдингинин негиздөөчүсү) адамдары “ККНК” ААКсынын жана Токмок шаарында жайгашкан “Касиет КПФ” ЖЧКсынын акцияларынын контролдук пакетине ээ болушкан.
Ошону менен бирге, 2015-жылы “ККНК” ААКсы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык кредиттик фондго күрөө катары технологиялык жабдууларды жана Бишкек шаарынын Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан 4,1 гектар жер тилкесин берген. Жыйынтыгында 2016-жылы “ККНК” ААК жана “КПФ Касиет” ЖЧКсынын жооптуу адамдары премьер-министрге кредиттик келишимди жана күрөөгө коюлган мүлктү “ККНК” ААКдан “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүп берүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-июлундагы токтомуна ылайык, “ККНК” ААКнын 1997-жылдагы кредиттер боюнча карыздык милдеттенмеси боюнча болгон карызы мамлекетке башка күрөөлүк камсыздоо менен жалпы суммасы 519 млн.сомго “КПФ Касиет” ЖЧКсына өткөрүлүп берилип, “ККНК” ААКсынын мүлкүнөн бардык чектөөлөр алынып салынган», — деп айтылат маалыматта.
«ККНК” ААКны “Битекс Компани” ЖЧКсы катары кайра каттоо менен “А.Ш.Шнын” адамдары Бишкек шаарындагы Чүй проспектиси 4 дарегинде жайгашкан жер участокторуна менчик укугуна ээ болгон.
Тергөөнүн жыйынтыгы жана алынган далилдердин негизинде “ККНК” ААКнын мүлктөрү, 4,1 гектар жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды.