Шаршенбек Абдыкеримов “Томми мол” боюнча президентке кайрылды
- 3 месяца мурун
Ишкер Шаршенбек Абдыкеримов “Томми мол” соода борборуна байланыштуу президент Садыр Жапаровго кайрылды. Ал Фейсбуктагы билдирүүсүндө мурда өзүнө таандык болгон “Аю Гранд Комфорт” объектин мамлекетке өткөрүү чечимин адилеттүү деп баалап, бул кадамды кетирген каталары үчүн жоопкерчилик катары кабыл алганын айтты.
Ошол эле учурда ишкер кызынын атына катталган “Томми мол” соода борборунун тагдырына тынчсыздануусун билдирип, объект төмөн баада бааланып, айрым адамдарга өтүп кеткенин белгиледи. Абдыкеримов президенттен бул маселе боюнча калыс жана ачык иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.
Буга чейин УКМК Абдыкеримовго таандык 10 млрд сомдон ашык мүлк мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирген. Атайын кызмат “Аю Холдинг” салыктардан качуу жана мыйзамсыз финансылык аракеттерге байланыштуу айыпталганын маалымдаган.
Азырынча бул маселе боюнча президент Садыр Жапаров комментарий бере элек.




