Сеул соту кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлду камоо чечимин кабыл алды

  • 4 недели мурун

Сеул соту кызматтан четтетилген президент Юн Сок Ёлду камоо чечимин кабыл алды. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги билдирди.

Соттун чечимине ылайык, Юн 20 күнгө камакка алынды. Бул күндөр ичине анын 15-январдан кийинки камактагы күндөрү да кирет.  

Камоо боюнча сот 5 саатка созулду. Юн сотко катышып, 40 мүнөттүк сөз сүйлөдү.

“Рёнхап” агенттиги камактагы күндөрү ичинде Юнга прокуратура расмий айыпты кое турганын жазды.

Юн Сок Ель 2024-жылы декабрь айында өзүнө импичмент жарыяламак болгон парламентке тоскоолдук жаратуу үчүн өлкөгө өзгөчө кырдаал абалын киргизген.

Парламент бир нече сааттан кийин аскер абалын жоюуга жетишкен, ал эми ал кездеги президент козголоң салууга шыкак берүүгө айыпталган.   

Ал суракка келбегенден кийин сот аны кармоого жана резиденцияны тинтүүгө алууга ордер берген. 3-январда Юн Сок Ёлду кармап кете алышкан эмес, Юн 15-январда кармалган.  

2024-жылы 14-декабрда парламент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаган.  

Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл өлкөгө аскердик абал киргизген. Бирок ошол эле күнү парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алган. Бул окуядан кийин Түштүк Кореянын оппозициялык алты партиясы, анын ичинде “Тобуро” демократиялык партиясы, Улуттук жыйынга (парламент) өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо боюнча сунуш беришкени белгилүү болгон.

Сүрөттө: Юн Сок Ёл. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты