Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёлду камакка алуу аракети тирешүүгө алып келди

  • 3 месяца мурун

Түштүк Кореянын тергөөчүлөрү, бүгүн, 3-январда өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлду кармоо үчүн анын резиденциясына келишкенин Yonhap маалымат агенттиги билдирди. Бийликтен кулатылган президенти Юн Сок Ёлдун резиденциясына аны камакка алуу үчүн келген тергөөчүлөр аскерлердин каршылыгына туш болушкан. Юндун жүздөгөн тарапкерлери да резиденциянын сыртына чогулушту.

Йонхап агенттиги президенттин резиденциясынын айланасында тартипти сактоо үчүн полициянын 45 атайын күчтөрүн жана 2700 кызматкерин жайгаштырганын кабарлады. Анын жанына Юндун 1,2 миң тарапкери чогулуп, “президентти коргоого” жана “импичментти жокко чыгарууга” чакырышты. Алардын айрымдары полиция менен кагылышкан.

Буга чейин, 14-декабрда Түштүк Кореянын парламенти Юн Сок Ёлды бийликтен кетирген. Буга мамлекет башчысы 3-декабрда саясий оппоненттерге каршы күрөшүү максатында жарыялаган аскердик абал себеп болгон. Юндун чечими коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, парламент тез арада аскердик абалды жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты