Түштүк Кореянын оппозициясы президентке импичмент жарыялоо процедурасын баштады

  • 3 месяца мурун

Түштүк Кореянын оппозициялык алты партиясы, анын ичинде “Тобуро” демократиялык партиясы, Улуттук жыйынга (парламент) өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо боюнча сунуш беришти. Бул тууралуу “Ренхап” агенттиги билдирди.

Мыйзам долбоору парламенттин мыйзамдуулук боюнча комитетине түштү.

Президентке импичмент жарыялоо тууралуу сунушту 191 депутат колдоду. “Элдин күчү” оңчул партиясы талкууга катышкан жок.  

Импичмент тууралуу мыйзам долбоору 5-декабрдагы жыйында талкууланары күтүлүүдө. Ал эми 6 же-7-декабрда добуш берүү күтүлүүдө.  

Өлкөнүн оппозициясы 3-декабрда президент өлкөгө аскердик абал жарыялагандан кийин импичмент процедурасын баштаган. Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл аскер абалын киргизди.

Ал эми парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алды. Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль 1980-жылдан бери, биринчи жолу өлкөгө аскер абалын киргизди. Бул “Түндүк кореялык, мамлекетке каршы күчтү” жоготуу үчүн деген. Бул оппозициялык демократиялык партия, парламенттик көпчүлүк, өкмөттүн бюджет тууралуу сунушун четке кагып, мамлекеттик аудиторго, башкы прокурорго импичмент жарыялоо чечимин алгандан кийинки президенттин чечими болду

Андан кийин президент Юн Сук Ёл аскердик абалды жоюу чечимин кабыл алган.

Сүрөт: AP

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты