Түштүк Кореянын парламенти президентке импичмент жарыялады
- 1 год мурун
Бүгүн, 14-декабрь ишемби күнү Түштүк Кореянын парламенти (Улуттук ассамблея) президент Юн Сок Ёлго анын өлкөгө аскердик абал киргизгени үчүн импичмент жарыялоо үчүн добуш берди. Бул тууралуу Yonhap маалымат агенттиги билдирди.
«Импичмент резолюциясы анын кеңсесине тапшырылгандан кийин президент Юн кызматынан бошотулат, ал эми премьер-министр Хан Док Су президенттин милдетин аткаруучу болуп калат»,- деп айтылат маалыматта.
Президентке импичмент жарыялоого корей парламентинин бардык 300 депутаты катышкан. Жыйынтыгында 204 депутат «макул», ал эми 85 депутат «каршы» добушун беришкен. 3 депутат добуш берген эмес, 8 бюллетень жараксыз деп табылган.
Добуш берүүгө бийликтин партиясынын 12 депутаты да кошулган. Бул президентке импичмент жарыялоого керектүү добуш алганга жардам берген.
Эске салсак, 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл өлкөгө аскердик абал киргизген. Бирок ошол эле күнү парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алган. Бул окуядан кийин Түштүк Кореянын оппозициялык алты партиясы, анын ичинде “Тобуро” демократиялык партиясы, Улуттук жыйынга (парламент) өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо боюнча сунуш беришкени белгилүү болгон.
Сүрөт: интернет булактары




