Түштүк Корея: Президент аскер абалын киргизди. Парламент жарлыкты четке какты

  • 2 месяца мурун

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёл аскер абалын киргизди. Ал эми парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

300 депутаттын 190у Сеулдагы Улуттук жыйын залына кирип барышып, добуш беришти. Ал эми парламенттин имаратын күч структуралары курчап алган эле.  

Аскер күчтөрү парламенттин имаратына кирип барышты. Алар башкы залга кирүүгө аракеттенип жаткан сүрөттөр жарыяланууда. Андан кийин “Ренхап” агенттиги, депутаттар добуш беришкенден кийин, аскерлер имараттан кете баштаганын жазды.

Президент киргизген аскер абалынын алкагында, өлкөдө саясий ишмердик жүргүзүүгө тыюу салынат, анын ичинде митинг өткөрүүгө болбойт, ЖМК аскерлер тарабынан көзөмөлдөнөт.  Бул чектөөлөр алынабы, азырынча, белгисиз.

Парламент аскер абалын четке каккандан кийин, парламенттин төрагасы президенттин жарлыгын жараксыз деп таап, президентти аскер абалын жокко чыгарууга чакырган.     

Түштүк Кореянын президенти Юн Сук Ёль 1980-жылдан бери, биринчи жолу өлкөгө аскер абалын киргизди. Бул “Түндүк кореялык, мамлекетке каршы күчтү” жоготуу үчүн деген. Бул оппозициялык демократиялык партия, парламенттик көпчүлүк, өкмөттүн бюджет тууралуу сунушун четке кагып, мамлекеттик аудиторго, башкы прокурорго импичмент жарыялоо чечимин алгандан кийинки президенттин чечими болду.

Демократиялык партиянын лидери Ли Же Мен президенттин аракети Конституцияга каршы келерин билдирсе, “Эл күчү” партиясынын лидери Хан Дон Хун президенттин аскер абалын киргизүү чечимин натуура деп билдирди.

Аскер абалы киргенден кийин көчөдө  каршылык көрсөткөндөр чогулду.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты