Саясий серепчилер Марат Казакпаевдин өлүмүн дыкат иликтөөнү суранды

  • 2 года мурун

Эксперттер, саясий серепчилер тиешелүү уюмдардан Марат Казакпаевдин өлүмүн дыкат иликтөөнү суранды.

“Кадыр-барктуу политолог, эл аралык маселелер боюнча белгилүү адис, политология жана экономикалык саясат сабагы боюнча окутуучу, изилдөөчү жана ар дайым жардамга лаяр турган адамдын өмүрү кыйылды. Бул туугандары жана жакындары, атамекендик илим жана билим тармагы үчүн чоң жоготуу болду» деп айтылат билдирүүдө.    

Алар тиешелүү органдардан Марат Казакпаевдин өлүмүн объективдүү жана тыкыр иликтеп чыгууну  суранышты.

Билдирүүгө Аскар Айтматов, Бакыт Бакетаев, Кубан Абдымен, Токтогул Какчекеев, Марс Сариев, Табылды Акеров, Игорь Шестаков, Шерадил Бактыгулов, Турат Акимов, Кайрат Осмоналиев, Эдил Осмонбетов, Аида Алымбаева, Дмитрий Орлов, Эмил Жороев, Заирбек Эргешев, Бакытбек Жумагулов, Канатбек Мурзахалилов, Денис Бердаков, Айболот Айдосов, Алибек Мукамбаев кол койгон.

Саясат талдоочу Марат Казакпаев 10-июнда каза болду. Казакпаев “Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан. Ал 2021-жылы апрель айында кармалган. Жакында ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиника» медиасына төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мараттын абалы оор болуп жаткандыктан Улуттук кардиология жана терапия борбору оорусу оор деп бүтүм берди. Ошого карабастан аны абакта кармашты. Анын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө ал каза болбойт болчу. Ага карата кыйноолор болгон» деди Казакпаева.

УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты