УКМК: «Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгон»

  • 2 года мурун

УКМК саясат талдоочу Марат Казакпаев такай дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонун билдирди.
Маалыматка ылайык, дарыгерлер тарабынан сунушталган дары-дармектерди алып, ден соолугунун абалы канааттандырарлык болгон. Марат Казакпаевге геморрагиялык инсульт диагнозу коюлган. 9-марттан бүгүнкү күнгө чейин кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда каралып жатат. Марат Казакпаев анын ден соолугуна байланыштуу жубайынын кайрылуусунун негизинде 27-апрелден 19-майга чейин Улуттук госпиталдын №1 көз микрохирургиясына жаңы толук гемофтальм, жогорку миопия, хориоретиналдык дистрофия диагнозу менен жаткырылган.

Бүгүн, 10-июнда абактагы саясат талдоочу Марат Казакпаев ооруканада каза болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты