Саясат талдоочу Марат Казакпаев каза болду

  • 2 года мурун

Саясат талдоочу Марат Казакпаев каза болду. Бул тууралуу «Кактус.кг» медиасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 10-июнда саат 15:00дө каза болду.

Казакпаев “Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан. Ал 2021-жылы апрель айында кармалган. Жакында ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Акыйкатчы институту Марат Казакпаевге медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирип жатканын билдирген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты