Марат Казакпаевдин жубайы: «Казакпаевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлсө ал каза болбойт эле» (видео)

  • 2 года мурун

Бүгүн, 10-июнда абактагы саясат талдоочу Марат Казакпаев ооруканада каза болду.

Марат Казакпаевдин жубайы Анар Казакпаева «ПолитКлиника» медиасына төмөнкүлөрдү билдирди.

«Мараттын абалы оор болуп жаткандыктан Улуттук кардиология жана терапия борбору оорусу оор деп бүтүм берди. Ошого карабастан аны абакта кармашты. Анын баш коргоо чарасын өзгөрткөндө ал каза болбойт болчу. Ал жашаш керек болчу. 2 жаштагы баласы бар, аны ким багат? Ага карата кыйноолор болгон», — деди Анар Казакпаева.

Казакпаев “Мамлекетке чыккынчылык кылган” деп шектелип, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин тергөө абагында жаткан. Ал 2021-жылы апрель айында кармалган. Жакында ден соолугу начарлап ооруканага түшкөн.

Акыйкатчы институту Марат Казакпаевге медициналык жардам канчалык жеткиликтүү болгонун жана бөгөт чарасы эмне үчүн өз убагында өзгөртүлбөгөнүн териштирип жатканын билдирген.

УКМК тарабынан бул боюнча азырынча жооп боло элек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты