Саясий партиялар боюнча бюллетендин 99,96 пайызы колго саналып бүттү

  • 2 года мурун

5-декабрь саат 9:40ка карата парламенттик шайлоодогу саясий партиялар боюнча бюллетендердин 99,96 пайызы кол менен саналып бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасы көрсөткөндөй, аймактык шайлоо комиссияларынын саны 2494, АШКга 2493 протокол түшкөн, Шайлоочулардын жалпы саны 3 703 420, шайлагандардын саны 1 293 239  же 34,92%.

Кол менен эсептөөдө 6 саясий партия талап кылынган 5%дык чектен өттү.

1.«Ата журт-Кыргызстан» — 223 8422 добуш же 17,31%

2.«Ишеним» — 176 195 добуш же  13,63%

3.«Ынтымак » — 142 205 добуш же 11%;

4. .«Альянс»   — 107 788 добуш  же 8,33%

5.”Бүтүн Кыргызстан»  —  90 902 добуш  же 7,03%

6.“Ыйман нуру”- 79 516 добуш же  6,15%.

Ал эми төмөнкү партиялар %5дык чекке жете элек:

 “Эл үмүтү” —  58 185 добуш же 4,50%

.“Азаттык” партиясы —  52 631 добуш же  4,07%

“Ата Мекен” – 45 183 же 3,57%

Социал-демократтар” — 41 196  же   3,19%

“Улуттар биримдиги”-  31 680  же 2,45%.

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты