БШК «Ата журт Кыргызстан» партиясынан Канатбек Маматовду талапкерлер тизмесинен чыгарды

  • 6 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкер Канатбек Маматовду «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлеринин тизмесинен чыгарды.

Бул тууралуу БШК билдирди.  

БШК 2-ноябрдагы жыйналышында «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Канатбек Маматовду Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу чечимин кабыл алды.

Чечим «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жөнүндө Маматовдун өз арызынын негизинде кабыл алынды.

Канатбек Маматов Фархат Исмаилов боюнча БШКнын чечимин Жогорку Сот күчүндө калтыргандан кийин анын ордуна мандат алмак. Партиянын кийинки тизмесинде Чынберди Төлөнов кезекте турат.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты