Саясий партиялар боюнча бюллетендин 89,17%ы колго саналып бүттү

  • 2 года мурун

3-декабрь саат 7:15ке карата парламенттик шайлоодогу саясий партиялар боюнча бюллетендердин 89,17 пайызы кол менен саналып бүттү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматтык системасы көрсөткөндөй, аймактык шайлоо комиссияларынын саны 2494, АШКга 2224 протокол түшкөн, Шайлоочулардын жалпы саны 3 703 420, шайлагандардын саны 1 091 773  же 29,48%.

Кол менен эсептөөдө 7 саясий партия алдыда келе жатат.

1.«Ата журт-Кыргызстан» 177 002 добуш же 16,21%;

2.«Ишеним» 151 313 добуш же  13,86;%

3.«Ынтымак » — 123 973 добуш же 11,36%;

4.«Альянс»   — 87 368 добуш  же 8,00%

5.”Бүтүн Кыргызстан»  —  72 320 добуш  жн 6,62%;;

6.“Ыйман нуру”- 68 226 добуш же  6,25%

 7. “Эл үмүтү” —  51 825 добуш же 4,75%;

.Ал эми:

“Азаттык” партиясы —  43 614 добуш же  3,99%

“Ата Мекен” – 37 924 же 3,47%

Социал-демократтар” — 36 096 же   3,31%

“Улуттар биримдиги”-  25 064 же 2,39%;

Саясий партиялар боюнча бюллетендин 89,17%ы колго саналып бүттү

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

Автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты деп эсептелген. Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышын, өкмөттүн отставкага кетишин талап кылышты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты